БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары Валерий Гутник сугат суунун тартыштыгына кээ бир фермерлер өздөрү күнөөлүү экенин билдирди.
Ал бүгүн Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунда "Бийлик сугат суу көйгөйүн кантип чечип жатат" аттуу брифингинде сүйлөдү.
Аткаминер быйылкы сезондо дарыяларда суунун аз болуп жатканын эске алуу керектигин белгилеп, бирок сугат суунун тартыштыгына фермерлердин дагы күнөөсү бар экенин айтты.
"Дыйкандар эгин сугаруу кезегин сакташпайт, мындан улам өз ара тирешүүлөр пайда болот. Эгер бирөө райондук суу чарба башкармалыгы менен келишим түзүп, бирок анын шарттарын аткарбаса, суу башкаларга өз убагында жетпей калат", — деди Гутник.
Мындан сырткары, ал Суу ресурстары кызматы фермерлерге жайында суу аз болору тууралуу эскертүү берилгенин, бирок ага карабай кээ бирлери сууну көп талап кылган эгиндин түрүн эгип алганын айтты.
Белгилей кетсек, 19-июнда Чүй облусунун Ысык-Ата районунун фермерлери президенттин администрациясынын алдына митингге чыгышкан. Алар сугат суунун жоктугуна нааразычылыгын билдирген.