Пресс-борбор

"Бийлик Кыргызстандагы сугат суу көйгөйүн кантип чечип жатат?" аттуу брифинг

Иш-чара 10-июль күнү, дүйшөмбүдө, саат 14:00дө онлайн-форматта өтөт. Ал Sputnik Кыргызстандын маалымат борборунун "Вконтакте" баракчасы аркылуу түз эфирден көрсөтүлөт.
Sputnik
Чүй облусунун фермерлери сугат суунун жоктугун айтып даттанып жатат. Кээ бирлери митингге да чыгып, ушул көйгөйдү чечип берүү өтүнүчү менен министрлер кабинетине кайрылышты. Чүй облусу өлкөдөгү эгин талаасы эң көп аймак болуп саналат. Дыйкандар суунун тартыштыгы түшүмгө олуттуу таасир этет деп чочулап турган чагы.
Кырдаал тууралуу кененирээк Айыл чарба министрлигинин алдындагы Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев айтып берет.