Садыр Жапаров менен биринчи айым "Чыңгыз хан" музейине барды

Музей эл аралык стандарттарга жооп берген, заманбап технологиялар менен жабдылган 9 кабаттуу имаратта жайгашкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бүгүн, 10-июлда, Улан-Батор шаарындагы "Чыңгыз хан" музейине барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
1 / 5

Садыр Жапаров жубайы Айгүл Жапарова менен бүгүн, 10-июлда, Улан-Батор шаарындагы "Чыңгыз хан" музейине барды

2 / 5

Мамлекет башчысына музейдин тарыхы жана анын экспонаттары, көргөзмөгө коюлган эстеликтер, кандардын жана ак сөөктөрдүн, ошондой эле Чыңгыз хандын династиясынын тарыхын чагылдырган артефакттар тууралуу айтып беришти

3 / 5

Музей эл аралык стандарттарга жооп берген, заманбап технологиялар менен жабдылган 9 кабаттуу имаратта жайгашкан

4 / 5

Анда убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөргө арналган тогуз залы бар. Ошондой эле музейде көргөзмө-реставрация лабораториясы, эки окуу залы, китепкана, мини-кинотеатр, "Күмүш дарак" залы көрүүчүлөрдүн назарына коюлган

5 / 5

Музей төмөнкү залдарга бөлүнгөн: Байыркы мамлекеттер, Улуу Монголия, Моңгол империясы, Чыңгыз хандын падышалары жана ак сөөктөрү, Аалам жана моңголдор.

Мамлекет башчысына музейдин тарыхы жана анын экспонаттары, көргөзмөгө коюлган эстеликтер, кандардын жана ак сөөктөрдүн, ошондой эле Чыңгыз хандын династиясынын тарыхын чагылдырган артефакттар тууралуу айтып беришти.
Музей эл аралык стандарттарга жооп берген, заманбап технологиялар менен жабдылган 9 кабаттуу имаратта жайгашкан.
Анда убактылуу жана туруктуу көргөзмөлөргө арналган тогуз залы бар. Ошондой эле музейде көргөзмө-реставрация лабораториясы, эки окуу залы, китепкана, мини-кинотеатр, "Күмүш дарак" залы көрүүчүлөрдүн назарына коюлган. Музей төмөнкү залдарга бөлүнгөн: Байыркы мамлекеттер, Улуу Монголия, Моңгол империясы, Чыңгыз хандын падышалары жана ак сөөктөрү, Аалам жана моңголдор.
Жапаров музейдин ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды. Ошондой эле Чыңгыз хандын мурасын сактоонун маанилүүлүгүн айтып, музей фондунун байлыгын жана кайталангыс өзгөчөлүгүн баса белгиледи.
Садыр Жапаров Монголияга жубайы менен учуп кетти. Делегациянын курамы