Өзбекстандагы президенттик шайлоодо Мирзиёев жеңип чыкты. Алдын ала жыйынтык

Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын дээрлик 80 пайызы катышканы белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Өзбекстанда өткөн президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча учурдагы мамлекет башчы Шавкат Мирзиёев алдыда бара жатат. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясына таянуу менен жазды.
Бюллетендер эсептелгенден кийин Мирзиёев шайлоочулардын 87,05 пайыз добушуна ээ болуп, утуп чыккан. Ал эми атаандаштары Рабохан Махмудова 4,43 пайыз, Улугбек Иноятов 4,02 пайыз, Абдушукур Хамзаев 3,74 пайыз менен артта калган.
Белгилей кетсек, коңшу өлкөдө мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо кечээ, 9-июлда, өткөн. Добуш берүүгө жалпы шайлоочулардын дээрлик 80 пайызы катышканы белгиленди.
Мусулман өлкөлөрү ислам символдорун мазактагандарга чара көрүүгө чакырды