Мунапыс алгандардын саны соттолгондордун санына көз каранды болот. Бул тууралуу Таалайбек Карабаев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Маектин толук версиясын аудиодон угуңуз.
Анын айтымында, учурда жаза өтөө мекемелеринде беш миңге чукул соттолгон киши бар.
"Мунапыс толук жана жарым-жартылай болуп, жылына бир жолу жарыяланат. Толук болгондо соттолгон адам эркиндикке чыгат, ал эми жарым-жартылай колдонулганда жаза өтөө мөөнөтү кыскартылат. Мыйзам боюнча мунапыс оорлотуучу жана өзгөчө оорлотуучу жагдайда адам өлтүрүү, жашы жете электерге карата жасалган сексуалдык аракеттер, террордук акт, баңги сатуу, коррупция, экстремисттик уюм түзүү, уюшкан кылмыштуу топ түзүү, жалдануучулук жана башка болуп, жалпы 42 категориядан турган кылмыштын түрүнө жана өмүр бою эркинен ажыратылгандарга, материалдык чыгымдын 75 пайызын калыбына келтирбегендерге жайылтылбайт. Ошондой эле мурда мунапыс берилгендерге кайталап берилбейт. Алгач мунапыс берүү боюнча мыйзам сунушталат. Анын алкагында ЖАК сунуш кылып, чечимди сот кабыл алат. Бул процедуранын жүрүшүнүн ачык-айкындыгы камсыздалган жана мунапыс берилгени же берилбей калганы боюнча соттолгондорго түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт", — деди Карабаев.
Ошондой эле ал мунапыс колдонулуп бошотулган адам жаза мөөнөтүн өтөгөн болуп эсептелип, эркин адам катары саналарын кошумчалады.