Кыргызстанда күн катуу ысыйт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты

Шаршембиден тарта абанын температурасы 41 градуска дейре жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстанда күн кайрадан катуу ысып баштайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет агенттиги эскертип, шашылыш билдирүү таратты.
Маалыматка караганда, 12-14-июль күндөрү мээ кайнаткан ысык аба ырайы күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 36…41 градуска чейин, Талас облусунда 34...39 градуска дейре жогорулайт.
Күндүн табы мындай көтөрүлгөн учурда ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз ачык жерлерде көпкө жүрбөй, ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири сугаруу сунуш кылынат.
Бишкектен Ысык-Көлгө бараткан жолдо унаалар күчөтүлгөн тартипте текшерилип жатат