Германияда Кыргызстандын жараны "Ислам мамлекетин"* колдоого айыпталууда

Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Кыргызстандын жараны "Ислам мамлекети"* террордук уюмун колдоого айыпталып жатат. Бул тууралуу КР ТИМи билдирди.
Аны менен кошо Тажикстандын беш жана Түркмөнстандын бир жараны кармалган. Алардын бардыгы Германияда террордук уюм түзүүгө шектелүүдө.
ТИМ билдиргендей, жакынкы күндөрү сот айыпталуучулардын баш коргоо чарасын тандайт. Бул маселе боюнча Кыргызстандын элчилиги Германиянын федералдык полициясы менен тыгыз байланышта болуп турат.
* Кыргызстанда, Россияда жана башка бир катар мамлекеттерде тыюу салынган террордук уюм.
Стамбулдагы террордук уюмга тиешелүү өзбекстандыктар Оштон кармалды. Видео