Чүйдөгү сугат суунун тартыштыгы күзгү түшүмгө кандай таасир этет?

Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун фермерлери сугат суу көйгөйүнөн улам 19-июнда президенттин администрациясынын имаратынын алдына митингге чыгышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Чүй облусундагы сугат суунун тартыштыгы түшүмгө таасир этпейт. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын директорунун орун басары Валерий Гутник Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Бийлик Кыргызстандагы сугат суу көйгөйүн кантип чечип жатат" аттуу брифингде билдирди.
Эскерте кетсек, Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун фермерлери 19-июнда президенттин администрациясынын имаратынын алдына митингге чыгышкан. Алар сугат суусу жок болуп жатканын айтып нааразы болушкан. Ушундай эле көрүнүш эки жыл мурда да болгон.
Заместитель директора службы водных ресурсов Валерий Гутник
"Учурда Чүй облусунда суу жетиштүү көлөмдө берилип жатат. Суунун тарыштыгы бир нече жумага созулган. Чүй облусу боюнча айта турган болсок, сугат суунун тартыштыгы түшүмгө таасир этпейт. Бүгүнкү күндө түшүм албай калчудай суунун дефицити жаралган жок", — деди Гутник.
Жарым жыл ичинде дыйкандар алган насыя 3 млрд. сомдон ашты