Баткенде нөөмөттө турган аскер кызматкери каза болду

Окуянын чоо-жайы такталып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Баткендеги №35524 аскер бөлүгүнүн жоокери куралга жасаган этиятсыз мамилесинен улам каза болгонун Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматта аскер кызматкеринин суткалык нөөмөттө турганы айтылат. Ал келишимдик негизде кызмат өтөп жаткан.
Министрлик окуянын себеби такталып, кызматтык иликтөө дайындалганын белгиледи.
Баткенде 21 жаштагы жоокер жанындагы аскердин кокусунан чыккан огунан каза болду