Сентябрь айында мектеп босогосун аттай турган балага ата-эне ага чейин окуй турган классын көрсөтүп, тааныштырышы керектигин Шолпан Мамытова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, эч кандай маалыматы жок эле мектепке алып барганда бала стресс болушу мүмкүн.
"Балдар бала бакчада балдар менен достошконду, чогуу ойногонду, тапшырмаларды аткарганды үйрөнүшөт. Ата-энелердин көбү бала бакчага баласын "жакшы ойноп кел" деп, мектепке "жакшы окуп кел" деп жиберип, андан кийин "жакшы иште" деп айтып келишет. 1-класска барчу бала оюндан билим алууга өтүп жаткандыктан, ата-эне бул жерде баласын психологиялык жактан даярдаганы абдан маанилүү. Бала бакчага барган бала менен барбаган баланын айырмасы өтө чоң. Мүмкүнчүлүк болсо ата-эне сентябрга чейин эле мектепке алып барып, окуй турган классы менен тааныштырып, күзүндө ал жерге күндө барып, билим ала турганын айтышы керек. Ошондо балада элестөө пайда болуп, кыйналбайт. Өзүм да мектепте иштегендиктен, жаңы келген айрым партанын алдынан чыкпай ыйлагандарды же атасына жабышып мектепке киргиси келбегендерди жолуктурдум. 1-класска барган бала биринчи деңгээлден экинчи деңгээлге өтүп жаткандыктан, даярдык өтө маанилүү", — деди психолог.
Ал мектеп босогосун жаңы аттачу балага көп жүк артпаш керектигин кошумчалады.