11-июлга карата аба ырайы

12-14-июлда аномалдуу ысык күтүлөт. Абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө +36…+41 градуска, Таласта +34…+39 градуска чейин жогорулайт.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. 11-июль, шейшембиде, республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +32...+37, Талас, Ысык-Көл аймактарында +29...+34, Нарында +22...+27 градуска чейин көтөрүлөт.
Борбор калаада күндүн табы +32...+34, Ош шаарында +35...+37, Чолпон-Атада +24...+26 градуска чейин жетет.
Кыргызстанда күн катуу ысыйт. ӨКМ шашылыш билдирүү таратты