Жапаров Монголиянын президенти менен жолугуп, тар чөйрөдө сүйлөштү. Сүрөт

Президенттер расмий жолугушуудан кийин Чыңгыз хандын эстелигине таазим кылышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-июл. — Sputnik. Улан-Батор шаарында президент Садыр Жапаровдун Монголиянын өлкө башчысы Ухнаагийн Хурэлсух менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады.
Жапаровдун кортежи "Сухэ-Батор" аянтындагы Мамлекеттик сарайга келип, аны Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тосуп алган.
1 / 5

Улан-Батор шаарында президент Садыр Жапаровдун Монголиянын өлкө башчысы Ухнаагийн Хурэлсух менен расмий жолугушуу аземи болуп өттү

2 / 5

Жапаровдун кортежи "Сухэ-Батор" аянтындагы Мамлекеттик сарайга келип, аны Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух жубайы Лувсандоржийн Болорцэцэг менен тосуп алган

3 / 5

Аянтта Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери желбиреп, Моңгол империясынын биринчи Улуу ханынын жеке гвардиясынын кийимине стилдештирилген параддык формадагы атчандардын отряды тизилип турган

4 / 5

Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен бирге Чыңгыз хандын эстелигине таазим кылышты

5 / 5

Ошондой эле мамлекеттик сарайда президент Садыр Жапаров ардактуу меймандардын китебине Монголия элине эң жакшы каалоо-тилектери менен эстелик жазуу калтырды

Аянтта Кыргызстандын жана Монголиянын мамлекеттик желектери желбиреп, Моңгол империясынын биринчи Улуу ханынын жеке гвардиясынын кийимине стилдештирилген параддык формадагы атчандардын отряды тизилип турган. Өлкө лидерлери Кыргызстандын жана Монголиянын расмий делегацияларынын мүчөлөрүн тааныштырышты.
"Андан соң мамлекет башчылары жубайлары менен бирге Чыңгыз хандын эстелигине таазим кылышты. Ошондой эле мамлекеттик сарайда президент Садыр Жапаров ардактуу меймандардын китебине Монголия элине эң жакшы каалоо-тилектери менен эстелик жазуу калтырды", — деп билдирди администрация.
Эки өлкөнүн президенттери жубайлары менен расмий иш-чаралардын алдында тар чөйрөдө баарлашкан.
Ухнаагийн Хурэлсух Садыр Жапаровго өлкөгө сапар менен келүүгө чакыруусун кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстан менен Монголиянын өз ара аракеттенүүсүн өнүктүрүү үчүн түз диалогдун маанилүүлүгүн белгилеген.
Жапаров моңгол тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Ухнаагийн Хурэлсухту жана моңгол элин ушул күндөрү өлкөдө белгиленип жаткан Наадам улуттук майрамы менен куттуктады.
Садыр Жапаровду Улан-Батордо салтанат менен тосуп алышты. Аземдин сүрөттөрү