Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Кеннеди: Украинанын Россияны жеңүүгө бир да мүмкүнчүлүгү жок

Саясатчынын айтымында, Европа өлкөлөрү Россияга каршы согушууга өз аскерин жибергиси келбейт, ал эми Украинада "согуша турган киши калган жок".
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Украинанын Россияны жеңүүгө бир да мүмкүнчүлүгү жок. Мындай пикирин АКШ президенттигине талапкер Роберт Кеннеди Lex Fridman YouTube каналында билдирди.
"Менимче, украиналыктар орустарды жеңип алчу ыкма дегеле жок... Европа учурда ички маселелерден баш көтөрө албай жатат. Германия, Италия, Францияда башаламандыктар болууда. Европалыктар өз кишилерин Украинага өлүш үчүн жиберүүнү каалабайт, ал эми Киевде согуша турган киши калган жок", — деди Кеннеди.
Ал Украина Куралдуу күчтөрү элин зордоп мобилизациялап жатканын белгиледи. Саясатчынын айтымында, согушка жараган эркектер Украинадан чыгып кетүүгө аракет жасап жатат.
Июндун башында Кеннеди АКШ өз аракети менен Украинаны кандуу булоонго айлантканын билдирген. Талапкер Вашингтон Киевди Россия менен өзүнүн геосаясий кызыкчылыгы үчүн кагыштырды деген пикирде.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина Крым көпүрөсүн жардырганын мойнуна алды