БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Монголиянын борбору Улан-Баторго келди. Бул тууралуу анын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчынын борту Улан-Батор шаарынын "Чыңгызхан" эл аралык аэропортуна конду. Ал жакта жерге килем төшөлүп, Ардактуу кароол тизилген.
Жапаровду Монголиянын тышкы иштер министри Батцэцэг Батмунхийн тосуп алган.
Мамлекеттик сапардын жүрүшүндө бир катар жогорку деңгээлдеги жолугушуулар өтүп, эки тараптуу документтер кабыл алынат.
Президенттин мамлекеттик сапарынын алкагындагы иш-чаралар Монголиянын Улан-Батор жана Эрдэнэт шаарларында өтөт.
Жапаровду бир катар чиновниктер коштоп кеткен.