Садыр Жапаров Монголияга жубайы менен учуп кетти. Делегациянын курамы

Президентти Улан-Баторго кимдер коштоп кеткени белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров бүгүн, 9-июлда, мамлекеттик сапар менен Монголияга жөнөп кетти. Бул тууралуу президенттик администрация кабарлады.
Жапаров сапардын алкагында Монголиянын президенти Ухнаагийн Хурэлсух, премьер-министр Лувсаннамсрайн Оюун-Эрдэнэ, Монголиянын Улуу мамлекеттик хуралынын төрагасы Гомбожавын Занданшатар менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Ошондой эле бир катар жогорку деңгээлдеги иш-чаралар, өнөр жай ишканаларына баруу пландаштырылган.
Расмий делегациясын курамы:
Айгүл Жапарова — президенттин жубайы;
Жээнбек Кулубаев — тышкы иштер министри;
Эдил Байсалов — министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары;
Муратбек Азымбакиев — президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;
Айбек Артыкбаев — Монголиядагы элчи;
Алтынбек Максутов — маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри;
Тилек Текебаев — транспорт жана коммуникациялар министри;
Данияр Амангельдиев — экономика жана коммерция министри;
Умбриэль Темиралиев — президентке караштуу инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору;
Эмилбек Абдыкадыров — Бишкек шаарынын мэри;
Самат Насирдинов — айыл чарба министринин орун басары;
Эмил Осмонбетов — жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары.
Кыргызстандын Монголиядагы элчиси дайындалды. Өкүлчүлүк жакында ачылат