Психолог аялдын сүйүүдө бактысыз болушунун беш себебин атады

Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Психолог Александр Шахов "Доктор Питер" басылмасындагы маегинде аял-эркек мамилесинде аялдардын көп учурда билбестиктен, капыстан кетирип алчу каталарын айтып берди.

Эркекти көзөмөлдөгөн "энеге" айлануу

"Камкордук көрсөтөм деп анын убадаларын, каталарын дайыма эстете берүүгө болбойт. Муну менен сиз сүйүктүү аял болбой эле, камкор энеге айланасыз. Эркек мындай учурда же бул мамилеге баш ийип, алсыз уулдун ролуна өтөт, же болбосо аша чапкан камкордуктан тажап кетип калат", — деген психолог.

Эркекти аябаңыз

"Адатта эркек өзүнүн көйгөйүн айтып жатканда бирөөнүн жардамын күтпөйт. "Сен муну жасай алышыңа толук ишенем" деген сөз жетиштүү болот, ага ишениңиз", — деп түшүндүрөт Шахов.

Мээсин "жебеңиз"

"Үй — эркек үчүн эс ала турган, мээрим жана жылуулук ала турган жер. Ал эми анын ордуна тынымсыз, жагымсыз мамиле болсо, ал эртеби-кечпи чарчайт жана мындай мамилени үзүүгө аргасыз болот", — дейт адис.

Эркектин жеке ишине кийлигишүү

"Кээде аялдар эркекке камкордук көрсөтөм деп анын жеке чегине кирип алышы мүмкүн. Мисалы, аял анын эски, чоюлган футболкасын ыргытуу менен жамандык каалабайт, а бирок эркек муну сыйлабастык жана жеке чектерин бузуу катары кабыл алышы мүмкүн", — деп түшүндүргөн психолог.
Радио
Психолог: эмоциясын көзөмөлдөй албагандар менен эч ким иштешкиси келбейт