БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүүдө, Ташкент убактысы боюнча саат 08:00дө өлкө аймагында 10 784 шайлоо участкасы ачылды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги жазды.
Өлкө Боршайкомунун маалыматы боюнча, жалпы 19,5 миллион шайлоочу катталган.
Президенттикке төрт киши ат салышууда, арасында Өзбекстандын азыркы лидери дагы бар.
Шавкат Мирзиёев Ишкерлер кыймылы менен Либерал-демократиялык партиясынан ат салышууда. Экологиялык партия Абдушукур Хамзаевди, Элдик-демократиялык партия Улугбек Иноятовду, "Адолат" социал-демократиялык партиясы Робахон Махмудованы көрсөттү.
Мирзиёев буга чейин өлкө башчылыгына мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жарыялоого жол берген конституциялык мыйзамга кол койгон. Бул Баш мыйзамга өзгөртүү киргизилгенден кийинки биринчи президенттик шайлоо болуп калмакчы. Анда өлкө башчынын ыйгарым укуктары 5 жылдан 7 жылга узартылды. Шавкат Мирзиёев өзү дагы шайлоого катышууга укук алган.