Жапаровдун Монголияга болгон сапарынын жыйынтыгы менен кол коюлган документтер

Эки президент андан соң ЖМКга билдирүү жасашты.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын өлкө башчысы Ухнаагийн Хурэлсух Достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койду. Бул тууралуу КР президентинин маалымат кызматы кабарлады.
Эскерте кетсек, Жапаров аталган өлкөгө мамлекеттик сапар менен бүгүн барган.
1 / 3

Президент Садыр Жапаров жана Монголиянын өлкө башчысы Ухнаагийн Хурэлсух Достук жана кызматташтык орнотуу жөнүндө биргелешкен декларацияга кол койду

2 / 3

Эскерте кетсек, Жапаров аталган өлкөгө мамлекеттик сапар менен бүгүн барган

3 / 3

Эки президент андан соң ЖМКга билдирүү жасашты

Мындан тышкары, визиттин алкагында бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду:
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Монголия өкмөтүнүн ортосундагы айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети менен Монголиянын өкмөтүнүн ортосунда айыл чарба тармагында кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги менен Монголиянын Юстиция жана ички иштер министрлигинин ортосундагы кылмыштуулукка каршы күрөшүү чөйрөсүндө кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Монголиянын Айлана-чөйрө жана туризм министрлигинин ортосундагы токой экосистемаларын өнүктүрүү жаатында өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы менен Монголия өкмөтүнүн Аткаруучу агенттигинин Ветеринария башкы башкармалыгынын ортосундагы ветеринария тармагында өз ара кызматташуу жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлиги менен Монголиянын адистештирилген инспекциясынын башкы башкармалыгынын ортосунда ветеринардык-санитардык жана карантиндик фитосанитардык чаралар жаатында өсүмдүктөрдүн карантини жаатында кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен Монголиянын Башкы салык башкармалыгынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигинин алдындагы Архив кызматы менен Монголиянын Юстиция жана ички иштер министрлигинин Башкы архив башкармалыгынын ортосунда кызматташуу боюнча иш-чаралардын планы;
Бишкек шаары менен Улан-Батор шаарынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жөнүндө макулдашуу;
Кыргыз Республикасынын Чүй облусу менен Монголиянын Хэнтий аймагынын ортосунда кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум;
Кыргыз Республикасынын Улуттук тарых музейи менен Монголиянын Чыңгыз хан музейинин ортосундагы кызматташтык жөнүндө меморандум.
Андан соң эки президент сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча ЖМКга билдирүү жасашты.
Жапаров Монголиянын президенти менен жолугуп, тар чөйрөдө сүйлөштү. Сүрөт