Ал 1888-жылы Суусамыр өрөөнүндөгү Кең-Суу айылында туулган (бирок бул так маалымат эмес, кээ бир булактарда 1889-жылы деп жүрөт). Балбандын атасы да элге белгилүү баатыр болгон. Ал Журук жайлоосундагы салмагы 1 тонна 274 килограмм ташты ордунан жылдырган.
© © ФОТО / ЦЕНТРАЛЬНЫЙ ГОСУДАРСТВЕННЫЙ АРХИВ КИНОФОТОФОНОДОКУМЕНТОВ КР
Кожомкул жаш кезинен эле мал кайтарып жүрүп күрөшкө катышып, атагы чыккан. Чыйрак чарбакер болгондуктан 20 жыл Суусамыр өрөөнүндө колхозду башкарып, мектеп куруп берген.
Кызыктуу маалымат
47 жашында салмагы 165 килограмм, боюнун узундугу 2 метр 36 сантиметр болгон. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 килограмм чамалуу өгүздү жаракадан сууруп чыккан. Элге "Кожомкулдун ташы" деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 килограмм, аны Кожомкул балбан Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүнөн 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген.
Эмгек жолу
1921-1929 — Суусамыр комитетинин төрагасы болгон.
1930 — Кара-Балта райондук жер бөлүмүнүн башчысы, ушул эле жылы Суусамыр, Көкөмерен, Кайырма айылдык кеңештеринин аткаруу комитетинде төрагалык кызматты аркалаган.
1937-жылы репрессияга учурап, бир жылга жакын камакта жатып калган. Бирок ишинен эч кандай кынтык таба албай партиянын мүчөлүгүндө калтырышкан.
1948-жылы ардактуу эс алууга чыгып, өмүрүнүн аягына чейин "Победа" колхозунда жылкы фермасынын башчысы болуп эмгектенген.
© Фото / из семейного архива Суеркуловых
Сыйлыктары
Ак ниет эмгеги үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени, Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган.
Кожомкул Каба уулу 1955-жылы 67 жаш курагында өмүрдөн өткөн.
1962-жылдан тартып балбандын элесине арналган күрөш боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлүп келет. 1993-жылы Бишкектеги Ленин атындагы Спорт ордосун Каба уулу Кожомкулдун атына которуу боюнча мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле туулуп-өскөн айылына аты берилип, музейи ачылган. "Каба уулу Кожомкул" фонду да түзүлгөн.