Радио

Бишкек медициналык колледжине документ тапшыруунун жол-жобосу

Бишкек медициналык колледжинин директорунун орун басары Мырзатай Шатманалиев аталган окуу жай эки министрликке баш ие турганын айтты.
Sputnik
Бишкек медициналык колледжи Билим берүү жана Саламаттык сактоо министрликтерине баш иет. Бул тууралуу Мырзатай Шатманалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган окуу жайга документтерди кабыл алуу июль айынын соңунда жыйынтыкталат.
"Биздин окуу жайда алты бөлүм бар. Кызыкккандар сайтыбыздан толук маалымат ала алат. Документтерди кабыл алуу июль айынын соңуна чейин уланат. Пандемия учурунда документтерди башка билим берүү мекемелериндей эле онлайн кабыл алып баштаганбыз. Быйыл абитуриенттер документтерин онлайн да, оффлайн да тапшырууда. Окуу мөөнөтү эки жыл он ай. Бюджеттик негизде окугандар Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен окууну бүткөн соң мамлекетке эки жыл кызмат кылып берет. Ал эми келишимдик негизде окугандар жумушту өздөрү караштырат. Ошондой эле жыл аягында биздин бүтүрүүчүлөргө жумуш берүүчүлөр өздөрүнүн мекемесин жарнамалап келип кетишет. Каалоочулардын ошол жерден да иш табууга мүмкүнчүлүгү болот. Көп студенттер практикасын кайсы жерден өтсө, ошол жерде иштеп калышат", — деди Шатманалиев.
Ал быйыл Бишкек медициналык колледжи 650 абитуриентти кабыл ала турганын кошумчалады.