Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ЖМК: Германия Украинанын НАТОго кошулушун кечеңдетүү аракетинде

2022-жылдын сентябрында Зеленский альянска кирүү боюнча билдирме калтырганын кабарлаган. Уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг блок "ачык эшик саясатын" карманарын билдиргени менен дитинин баары Киевге аскердик жардам берүүдө экенин айткан.
Sputnik
БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Вильнюста өтө турган НАТО саммитинде Германия Украинанын блокко кошулуу маселесин талкуулабай турууну демилгелемекчи. Бул тууралуу Telegraph өз маалымат булактарына таянуу менен жазганын РИА Новости билдирди.
"Берлин токтоосуз мүчөлүккө чакыруу мүмкүнчүлүгүнө өтө этияттык менен мамиле жасоодо. Блокко киргизбей турган кепилдиктерди иштеп чыгуу үчүн ага убакыт керек болуп жатат", — деген басылманын маектеши.
Ал "Берлин Владимир Путиндин 5-беренени колдонуусун каалабай турганын" белгиледи. Бул беренеге ылайык, НАТОнун чабуулга кабылган мүчө-өлкөсү калган уюмдаш мамлекеттерден аскердик кийлигишүүнү талап кыла алат.
Маектеш, мындан тышкары, Германия Вильнюс саммитинен пайдаланып, альянстын башка мүчөлөрүнүн көңүлүн Украинага мүчөлүк эмес, коопсуздук кепилдигин берүүгө бурарын кошумчалады.
Буга чейин Владимир Зеленский Киев жаңжал токтомоюн НАТОго мүчө боло албай турганын моюндаган. Ошол эле учурда альянска чакыруу иретиндеги колдоо күтүп жатканын жашырган эмес. Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулебанын айтымында, Киев саммиттен мындан башка эч кандай чечим күткөн жок.
Эскерте кетсек, 2022-жылдын сентябрында Зеленский Түндүк атлантикалык альянска кирүү боюнча билдирме калтырганын кабарлаган. Уюмдун баш катчысы Йенс Столтенберг блок "ачык эшик саясатын" карманарын билдиргени менен дитинин баары Киевге аскердик жардам берүүдө экенин айткан.
Ал эми Россия президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков Кремль Зеленскийдин НАТОго кошулуу өтүнүчүнөн да, ага жасалган реакциядан да кабардар экенин белгилеген. Аткаминер Москва абалга тыкыр көз салып турганына токтолуп, атайын операцияга дал ушул Киевдин уюмга кирүүгө басым жасаганы себеп болгонун эскерткен.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден жаңжал бүткөнчө Украина НАТОго кирсе кесепети кандай болорун айтты