Кыргызстандын туризм академиясы Россия, Түркия, Казакстандын туризм багытында окуткан окуу жайлары менен тыгыз кызматташып, тажрыйба алмашуу программаларынан өтүп турушат. Бул тууралуу Нарынбек Асанжанов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө мейманкана тармагы жакшы өнүкпөгөндүктөн туризмдеги адистердин көбү чет өлкөгө кетет.
"Туризм академиясы 1995-жылы колледж катары түптөлүп, эки жылдан кийин Билим берүү министрлигинин аккредитациясынан өтүп, академия катары негизделген. Ошол күндөн тартып туризм багытындагы адистерди даярдап, окутуп келебиз. Негизи Кыргызстандын бул тармактагы адистери дүйнөдө жогору бааланат. Окуу жай ачылгандан тарта Россиянын, Түркиянын, Казакстандын туризм багытында окуткан окуу жайлары менен тыгыз кызматташып, студенттер тажрыйба алмашуу программаларынан өтүп турушат. Бирок өлкөдө мейманкана тармагы жакшы өнүкпөгөндүктөн туризмдеги адистердин көбү чет өлкөгө кетет. Акыркы учурларда туризмдеги кадрларга муктаждык өсүп жатат. Себеби кыргыз жерин таанып, табиятына, маданиятына суктанып келгендер көбөйдү", — деди Асанжанов.
Ошондой эле адис Туризм академиясы менеджмент, туризм, мейманкана иши, эл аралык мамилелер жана лингвистика багыттары боюнча 300дөй абитуриентти кабыл аларын кошумчалады.