БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Ош шаарында Үй-бүлө, сүйүү жана ишеним күнү белгиленди. Иш-чараны Россотрудничествонун калаадагы өкүлчүлүгү уюштурду.
Салатанаттуу аземдин алкагында 25 жылдан ашык убактан бери түтүн булатып келе жаткан жети бактылуу жубайга грамота менен "Сүйүү жана ишеним үчүн" медалы тапшырылды. Ошондой эле концерттик программа дагы уюштурулган.
Белгилей кетсек, 8-июлда Үй-бүлө, сүйүү жана ишеним күнү белгиленип келет. Бул майрам бардык салттуу диний уюмдар тарабынан колдоого алынган. Себеби ар бир динде үй-бүлөлүк сүйүү менен ишенимдин үлгүлөрү бар.