Соңку кездерде жоогазындардын сейрек кездешип жатышынын негизги себеби адамдардын табиятка аёосуз мамилесинен улам болууда. Жоогазындын көп түрү уруктан көбөйгөндүктөн урук байлоого жеткирбей жулуп кеткендер көп. Ал өсүп кетиши үчүн үзгөндө жок дегенде бир жалбырагы калышы керек. Бул тууралуу Мыскалай Ганыбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандын аймагында өскөн мандалактардын 11 түрү Кызыл китепке киргизилген.
"Кыргызстанда жапайы өсүмдүктөрдүн 4000ге жакын түрү бар. Алардын ичинен 83ү Кызыл китепке кирген. Ал эми Кыргызстандын аймагында өскөн жоогазындардын 11 түрү Кызыл китепке киргизилген. Алар жазы аталыктуу мандалак, корольков мандалагы же жалтырак мандалак, кауфман мандалагы, грейг же чаар мандалак, төрт жалбырактуу жоогазын, колпаков мандалагы, окшош (тектеш) мандалак, мала кызыл мандалак, островский мандалагы, жогору умтулган мандалак, зинаида мандалагы. 2022-жылы экспедиция учурунда Кембридж университетинин окумуштуулары Кыргызстанда жоогазындын жаңы жана өзгөчө түрү, узундугу 10-19 сантиметр болгон гүл Токтогул районунун тоолуу аймагынан табылды. Ал латынча Tulipa toktogulica деп аталды. Жоогазындын дээрлик бардык түрлөрү эрте жазда гүлдөп, уругу аркылуу көбөйөт. Ошол себептүү бул гүлдөр кеңири тараган аймактарда мал жаюу, кен казуу иштерин жүргүзүү, гүлдү үзүү жана пиязын казып алуу аны кыйроого алып келет. Соңку кездерде жоогазындардын сейрек кездешип жатышынын негизги себеби адамдардын табиятка аёосуз мамилесинен улам болууда. Жоогазындын көп түрү уруктан көбөйгөндүктөн урук байлоого жеткирбей жулуп кеткендер көп. Ал андан ары өсүп кетиши үчүн үзгөндө жок дегенде бир жалбырагы калышы керек. Эгерде жогорку бөлүгү жулунуп кетсе кийинки жылга пияз түп ылдыйраак кетип, урук байлабай калат", — деди Ганыбаева.
Ал соӊку экспедициянын жыйынтыгы боюнча өлкөдө жапайы жоогазындын 25 түрү бар деп белгиленгенин кошумчалады.