Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Эрдоган Украина НАТОго мүчө болуп кирүүгө татыктуу деп эсептейт

Түркиянын лидери эки өлкөнүн ортосунда тынчтыкты орнотууга бардык күч аракетин жумшай турганын билдирди.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган Украинанын башчысы Владимир Зеленский менен Стамбулда өткөн сүйлөшүүсү тууралуу маалымат берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Ал тынчтыкка жетишилгенден кийин Россия менен Украинанын ортосунда жеңилген тарап болбой турганын белгиледи.
"Биз азыркы пикир келишпестиктерге карабай эки тарап тең тынчтыкта жашоого кайтышын чын дилибизден каалайбыз", — деди Эрдоган.
Анын айтымында, Украина НАТОго мүчө болуп кирүүгө татыктуу, ал эми Түркия жаңжалды сүйлөшүү жолу менен токтотууга болгон күчүн жумшайт. Ошондой эле Эрдоган августта Россиянын президенти иш сапары менен Анкарага келе турганын айткан.
"Жакынкы айда Путин мырза Түркияга иш сапары менен келет. Анда дагы бетме-бет отуруп туткундагы аскерлерди алмашуу маселесин талкуулайбыз", — деди Түркиянын лидери.
Мындан сырткары, ал россиялык кесиптеши менен дан келишими боюнча телефон аркылуу да, бетме-бет көрүшүп да сүйлөшүүгө ишеним артып турганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Байден жаңжал бүткөнчө Украина НАТОго кирсе кесепети кандай болорун айтты