Чаткалда 38 жаштагы киши бир нече ирет ок жеп ооруканага түштү

Милиция жерине барганда бир даана ок жана гильзалар табылган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Чаткалда 30 жаштагы киши Ж.С. аттуу 38 жаштагы адамды бир нече ирет атып жиберген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБ билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 7-июль күнү саат 14:30 чамасында болгон. Жаракат алган Ж.С. Чаткал райондук ооруканасына жаткырылган.
Милиция жерине барганда бир даана ок жана гильзалар табылган. Мындан сырткары, С.Ж. аттуу шектүү куралын өз ыктыяры менен ыкчам тергөө тобуна өткөрүп берген.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 37-122-беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 30 жаштагы С.Ж. убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Чүйдө 20 жаштагы баланы ЧЧКга ыргытып салышкан. Үч шектүү кармалды