БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. АКШ Украинаны чачырама ок-дары менен камсыздай турганын президенттин жардамчысы Жейк Салливан билдирди.
RT билдиргендей, бул ок-дарылар украин армиясы үчүн артиллериялык снаряддарды чыгарууну көбөйтүү учурунда убактылуу колдонулчу каражат болуп калат.
Салливан чачырама ок-дарылар Украинанын калкы үчүн кооптуу экенин моюнга алды, бирок орус аскерлеринин согуш талаасындагы ийгилиги Вашингтон үчүн кабыл алынгыс нерсе экенин айтты.
АКШнын президенти Жо Байден бул чечим оңойго турбагандыгын билдирди. Ал Украинанын куралдуу күчтөрү менен АКШда кадимки ок-дарылар түгөнүп жаткандыктан ушундай чечим кабыл алынганын айтты.
"Бул жаңжал ок-дарылардан көз каранды. Аларда түгөнүп бараткан, бизде да жетишпейт", — деди Байден.
Ал ошондой эле дал ушул себептерден улам Пентагондун Украинанын куралдуу күчтөрүн курал-жарактын бул түрү менен камсыздоо сунушун кабыл алганын кошумчалады.
Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Украинага чачырама ок-дарылардын жеткирилиши жаңжалдын курчушуна дагы бир кадам болорун билдирди.
Ал эми РФтин АКШдагы элчиси Анатолий Антонов мындай ок-дарылардын жеткирилишин Вашингтон Украинанын "контрчабуулунун" ийгиликсиз болгонун моюнга алгысы келбегендиги катары сыпаттады.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова 2022-жылдын 28-февралында Ак үйдүн мурдагы басма сөз катчысы Жейн Псакинин снаряддын бул түрүн колдонууну согуш кылмышы деп атаган сөзүнүн видеосун жарыялады.