Пресс-борбор

Жапаровдун улуттук инвестициялык долбоорлор жөнүндөгү жарлыгы кандай иштейт

Үсөнбекова мамлекет инвестициялык долбоорлорго мамлекет тарабынан кандай колдоо болорун айтып берди.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Садыр Жапаровдун "Улуттук стратегиялык инвестициялык долбоорлор жөнүндөгү" жарлыгы экномикалык өсүштү тездетүүгө багытталган. Бул тууралуу экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингге катышкан.
Президент тийиштүү жарлыкка үстүбүздөгү жылдын жаз айларында кол койгон. Ага ылайык, стратегиялык инвестициялык долбоорлор мамлекеттик органдар тарабынан ар тараптуу колдоого алынат. Бул тууралуу кененирээк Айнура Үсөнбекова билдирди.
"Жарлыктын концепциясында, биринчи кезекте, башкаруу бөлүгү боюнча тактоо киргизилген (ар бир долбоордун куратору болушу керек — ред.). Экинчиден, биз лицензия боюнча административдик жактан колдойбуз жана жардам беребиз. Үчүнчүдөн, финансы жактан дагы колдойбуз. Ошол эле учурда долбоорлордон түшкөн киреше мамлекетке которулбайт. Бизнесмендер болгону салык гана төлөшү керек. Алар жумушчу орундарын түзүп, экономика секторун өнүктүрүп мамлекетке жардам берип жатпайбы. Биздин максат — өнүгүү үчүн максималдуу шарт түзүп берүү", — деди министрдин орун басары.
Анын айтымында, долбоорлор тандалып бүтө элек. Министрлер кабинети тизмесин түзүшү керек. Арыз берүү өтө жөнөкөй болот. Инвестордун улуттук инвестициялык долбоорго болгон салымы анын жалпы баасынын 10 пайызынан кем эмес болушу керек.
"Жарлыктын алкагында министрлер кабинетине Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылды. Ага ылайык, улуттук инвестициялык долбоорлор беш жыл бою негизги салыктардан бошотулат. Мындан тышкары, Жер кодексинин жаңы редакциясы боюнча жер участокторун берүү процедурасы да каралды", — деди Үсөнбеков.
Жогорку Кеңеш сомду чет өлкөдө басып чыгарууга тыюу салууну сунуштады