Жапаров: мамлекеттик циркти оңдоо иштери башталат

Өлкө башчы цирктин абалы менен таанышкан соң Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын бирине барган.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Абубакир Изибаев атындагы Мамлекеттик циркти оңдоо иштери жакынкы убакта башталат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда, цирктин имаратынын абалын көрүүгө барганда билдиргенин маалымат кызматы кабарлады.
1 / 4

Абубакир Изибаев атындагы Мамлекеттик циркти оңдоо иштери жакынкы убакта башталат

2 / 4

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июлда, цирктин имаратынын абалын көрүүгө барганда билдиргенин маалымат кызматы кабарлады

3 / 4

Өлкө башчы цирктеги жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, имаратты капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаты бөлүнөрүн айткан

4 / 4

Бүгүнкү күндө мекеменин жаңы директору тууралуу маселе ачык бойдон калууда

Өлкө башчы цирктеги жумушчулардын эмгек шарттары менен таанышып, имаратты капиталдык реконструкциялоо долбоору иштелип чыкканын, керектүү акча каражаты бөлүнөрүн айткан.
“Бүгүнкү күндө мекеменин жаңы директору тууралуу маселе ачык бойдон калууда. Маданият министри Алтынбек Максутовдун айтымында, учурда цирктин директору кызматына талапкерлер конкурстук тандоодон өтүп жатат. Буга байланыштуу Садыр Жапаров чыгармачыл жамаатты биримдикте болууга жана цирк өнөрүн өнүктүрүүгө умтулууга, анын өнүгүшүнө тоскоол болуучу топтолгон маселелерди чечүүгө жардам берүүгө чакырды”, — деп айтылат маалыматта.
Андан соң Жапаров Бишкектеги 10-кичи райондо жайгашкан Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын бирине барган. Имараттын жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашып, бир бөлүгү дээрлик максаттуу пайдаланылбагандыгы айтылат.
1 / 4

Андан соң Жапаров Бишкектеги 10-кичи райондо жайгашкан Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин окуу корпустарынын бирине барган

2 / 4

Имараттын жалпы аянты 11 миң чарчы метрден ашып, бир бөлүгү дээрлик максаттуу пайдаланылбагандыгы айтылат

3 / 4

Садыр Жапаров аталган имараттын жарымын Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү жана капиталдык оңдоодон өткөн жаңы жалпы билим берүүчү мектеп катары жабдууну тапшырды

4 / 4

Мамлекет башчы имараттын учурдагы абалы менен таанышып, аудиторияларды, окуу жерлерин жана капиталдык реконструкциялоого муктаж корпустун айланасын көрүп чыкты

“Садыр Жапаров аталган имараттын жарымын Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү жана капиталдык оңдоодон өткөн жаңы жалпы билим берүүчү мектеп катары жабдууну тапшырды”, — деп билдирди президенттин маалымат кызматы.
Борбор калаадагы цирк кантип курулган? Архивдик сүрөттөр