Быйыл да Токтогулда суу аз. Өкмөт азыртан электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Быйыл суу сактагычка топтолгон суунун көлөмү 2 миллиард метр кубга аз болору божомолдонууда.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги астында Күз-кыш мезгилине даярдык боюнча республикалык штабдын жыйыны өтүп, Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгы талкууланды.
Өкмөттүн маалымат кызматы билдиргендей, быйыл 1-октябрда Токтогул суу сактагычына 14,34 миллиард метр куб сууну топтоо пландалса, аз агып келгендигине байланыштуу 12,4 миллиард метр кубга гана жетери күтүлүүдө. Демек, суунун көлөмү 2 миллиард метр кубга аз болору божомолдонуп жатат.
Мындан улам Төрөбаев электр энергиясына болгон лимитти катуу көзөмөлгө алууну тапшырды.
"Айыл башчылардан тартып, айыл аймактар, район акимдери, облус жетекчилери, мэрлер жана тиешелүү бардык мамлекеттик мекемелердин жетекчилери "Кыргызстан улуттук тармактары" ишканасы менен биргеликте электр энергиясына болгон лимитти катуу көзөмөлгө алгыла. Азыр жай мезгили, күн узун, жарыкты үнөмдүү пайдаланалы. Борбордук көчөлөрдөгү жарыктар күн чыкканга чейин күйүп турбасын, бул мэрлерге тиешелүү. Токтогул суу сактагычындагы сууну азыртан сарамжалдуу пайдаланалы", — деди Төрөбаев.
Аны менен катар аткаминер көмүрдүн баасын туруктуу кармоо боюнча маселеге токтолгон. Ал эгерде жеке көмүр казуучу компаниялар отунду сыртка чыгарууда ички керектөөчүлөргө бааны жогорулатса экспортко тыюу салынарын эскерткен.
Өкмөт Бишкектеги суу тартыштыгын 2-3 жылда чечүү үчүн каражат бөлүүгө даяр