"Согушту жактайсызбы же жокпу?"... СССР бийлигине кат жазган АКШлык окуучу

АКШлык окуучу кыздын СССРге жасаган сапарынан кийин дүйнөдө "балдар дипломатиясы" деген сөз пайда болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Мындан 40 жыл мурда, тагыраагы, 1983-жылдын 7-июлунда 11 жаштагы америкалык окуучу Саманта Смит СССРге учуп келген.
Ал 1982-жылдын күз айларында ЦК КПССтин башкы катчысы Юрий Андроповго "Россия менен АКШнын ортосунда өзөктүк согуш башталып кетпейби деп корком" деп кат жазган. Ал эми Андропов Самантага жазган жообунда аны СССРди келип көрүп кетүүгө чакырган. Натыйжада окуучу кыз Москвада жана Ленинградда болгон. Ага өзгөчө "Артек" абдан жаккан. Саманта өз курагындагы кыздар менен чогуу жашап, артекчилердин формасын кийип, иш-чараларга катышкан. Анын сапарын ЖМКлар активдүү чагылдырышкан. АКШда алгачкы ирет параддар менен съезддер эмес, советтик балдардын ойноп жатканы көрсөтүлгөн.
Саманта үйүнө учуп кетер алдында "жашайбыз" деген сөздү айткан. Анын арты менен дүйнөдө "балдар дипломатиясы" деген сөз пайда болгон. "СССРге жасаган саякатым" аттуу китебинде Саманта "алар так биздей эле адамдар" деп жазган. Эки жылдан кийин, 1985-жылдын 28-августунда Саманта Смит атасы менен авиакырсыктан каза болгон.
СССРде биринчи электричка кайда жүрүп баштаган. Архивдик видео