Радио

Саясий серепчи: БУУ кризиске кептелип, ШКУнун таасири күчөөдө

Саясий серепчи Бакытбек Жумагулов Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) глобалдык аренада кадыры артып жатканын белгиледи.
Sputnik
Ирандын ШКУга мүчө болушу регионалдык коопсуздукту камсыздоого өбөлгө түзөт. Мындай пикирин Бакытбек Жумагулов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Ирандын уюмга мүчө-мамлекеттер менен байланышкан логистикалык долбоорлордо дагы орду чоң.
"Ар кандай себептер менен БУУ кризиске кабылганы байкалууда. Мындан улам мамлекеттер коопсуздук, экономика, соода жүргүзүү багытында альтернативдүү таянычтарды издөө жолунда болууда. Натыйжада ШКУнун таасири күч алып жатканы байкалып келет. Мисалы, уюмга мүчө катары Ирандын кириши бардыгына пайдалуу. Анткени регионалдык коопсуздукту камсыздоого, өзгөчө Афганстан менен байланышкан маселени чечүүдө Иран роль ойной алат. Мүчөлүк Тегеранга дагы кыйла пайдалуу. Анткени өлкө көптөн бери Батыш өлкөлөрү тарабынан киргизилген ар кандай санкциялардан жабыр тартып келет. Акыры өлкө саясаты Чыгыш өлкөлөрү менен алака түзүүгө багыт алды. Ал эми Кытай, Россия, Борбордук Азияга дагы бул пайдалуу болууда. Анткени "Бир алкак — бир жолдун" бир бөлүгү Иран аркылуу өтөт. Мындан тышкары, Россиядан Индияга чейинки пландалып жаткан транспорттук коридор дагы ошол өлкө аркылуу өтөрү күтүлүүдө", — деди Жумагулов.
Ошондой эле ал ШКУга мүчө болууга умтулган өлкөлөр Евразия менен чектелбей жатканын кошумчалады.