БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Садыр Жапаров билим берүү, саламаттык сактоо объектилерине, ички иштер органдарына өз муктаждыктары үчүн "Бишкек наабайкана" ишканасынан нан азыктарын сатып алууну тапшырды. Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, өлкө башчы бүгүн аталган муниципалдык ишкананын ишмердүүлүгү менен таанышып чыккан.
Учурда наабайкана бала бакчаларды, мектептерди, ооруканаларды жана калктын социалдык аялуу катмарын нан азыктары, кондитердик жана башка продукциялар менен камсыз кылат. Ошондой эле ишканада өзүнчө лаборатория, алдыңкы технология колдонулары маалымдалды.
“Бүгүнкү күндө өндүрүштүк кубаттуулуктун 25-30 пайызы гана иштеп жатат. Наабайкана өз ишин чарбалык эсептөө жана өзүн-өзү каржылоо шарттарында жүргүзөт”, — деп айтылат маалыматта.
Жапаров ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясына наабайкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу маселесин иштеп чыгууну тапшырды.