БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандык ишкерлер өз продукциясын экспорттоо үчүн интернет дүкөндөрдүн кызматын көп пайдалана баштады. Бул тууралуу Sputnik радиосунун эфиринде Россиянын Интернет-соода компаниялар ассоциациясынын жетекчиси Артем Соколов билдирди.
Ал 2023-жылы эле Россиянын ири маркетплейстерине 1700дөн ашуун кыргызстандык бренд катталганын айтты.
"Ozon дүкөнүндө — 2 миңден ашык, Wildberries боюнча — 8 миңден ашуун кыргызстандык бар. Негизги категориялар кийим-кече, тиричилик буюмдары, ошондой эле ден соолук жана сулуулукка керектүү продуктулар", — деди Соколов.
Анын айтымында, дүйнөлүк электрондук соода рыногу ыкчам өсүүдө.
"Мисалы, Кытайда электрондук коммерция жалпы сатуунун болжол менен 30 пайызын түзөт. Россияда дээрлик 13 пайызга жакын. Жакынкы жылдары электрондук коммерция сегменти жок дегенде үч эсе өсөт деп ишенем", — деди адис.
Ошол эле учурда ал онлайн соода эч качан кадимки дүкөндөр менен базарларды толук алмаштыра албасын дагы баса белгиледи. Анткени товарды кармап көрмөйүнчө ишенбеген кардарлар ар дайым боло бермекчи.