БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жайкы окуу-машыгуу жыйындарын Болгарияда өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.
Башкы машыктыруучу Штефан Тарковичтин жетекчилиги алдында Улуттук курама командага талапкерлерди кароо үчүн машыгуу болору белгиленди. Аталган жыйындар 16-27-июль күндөрү Банско шаарында өтүшү пландалууда.
Машыгууга чакырылган оюнчулардын тизмеси да жарыяланды.