Бирөөнүн унаасын, 17 миң долларын тартып алган кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кармалган жаран мурда бир нече ирет соттолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Камчы Асанбектин (Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды.
УКМКнын маалыматы боюнча, ал 2021-жылдын сентябрында кыргызстандыкты коркутуп, анын Mercedes S500 үлгүсүндөгү автоунаасын жана 17 миң доллар акчасын тартып алган. Шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ал мурда бир нече ирет соттолгону жана уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин каттоосунда турган.
Аны менен кошо дагы бир киши кармалган. Учурда тергөө жүрүп жатат.
УКМК Ошто акча опузалады деп эки кишини кармады. Спортзалдан тартылган видео