Контрабандалык дары-дармектерди Өзбекстанга жөнөтмөк болгон киши кармалды

Өзбекстанда жаштар бул дарыны жеңил баңгизат катары колдонушары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Кыргызстанга контрабанда жолу менен алып келинип, Өзбекстанга жөнөтүүгө даярдалган ири көлөмдөгү дары-дармектер аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, 5-июлда Баткен облусунун Кадамжай районунун Марказ айылында Кыргызстандын Р.С.Г. аттуу жараны 9600 даана "Зардекс" (Индияда жасалган) препаратын укук коргоочуларга ыктыярдуу түрдө өткөрүп берген. Анын баасы Өзбекстандагы көмүскө базарда 288 миң долларды түзөт.
Ал эми 6-июлда бул каналдын уюштуруучусу Г.И.Н. аттуу кишинин Кара-Суу районунун Шарк айылындагы үйүнөн 591 даана "Тропикамид" (көзгө тамчылатчу) алынган. Келтирилген зыяндын суммасы 5 миллион 867 миң сомдун тегерегин түзгөнү белгиленди.
"Жогоруда табылган дары-дармектерди Өзбекстанга жөнөтүү үчүн эч кандай уруксат кагаздары жок Кыргызстандын аймагына мыйзамсыз алып келинген. Ал жакта жаштар бул дарыны жеңил баңгизат катары колдонушат", — деп айтылат маалыматта.
Натыйжада Г.И.Н. кармалып, Кара-Суу РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмыштын башка катышуучуларын аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Граната, мылтыктар жана жүздөгөн ок. Бишкекте курал саткан деп майор кармалды