БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Чүйдө 20 жаштагы баланы уурдап кетүүгө шектелип үч киши кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.
© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской области
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 4-июлунда Токмок шаардык ИИБге 35 жаштагы М.К. кайрылган. Ал 4-июль күнү кечинде анын 20 жаштагы К.М. аттуу иниси №3 кичи райондогу үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайра кайтып келбегенин кабарлаган.
Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 165-беренеси ("Адам уурдоо") боюнча иш козголгон. Анын алкагында кылмышка шек жаратып 35 жаштагы М.К., 40 жаштагы Т.И., 27 жаштагы Б.К. колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Алдын ала маалымат боюнча, ортодо чыккан чырдан улам шектүүлөр К.М. үйүнө келип, аны сыртка чакырып алып сабашкан. Андан соң машинага салып келип, колун байлап туруп Чоң Чүй каналына ыргытып салышкан.
Учурда тергөө амалдары уланууда. Бала табыла элек.