"Автоураган" аппараты 6 саатта жол эрежесин бузган 42 автоунааны аныктады

Машиналар айып короого токтотулду.
Sputnik
БИШКЕК, 7-июл. — Sputnik. Бишкек — Нарын — Торугарт жолуна коюлган "Автоураган" стационардык программалык-аппараттык комплекси алты саатта эреже бузган 42 машинаны аныктады. Бул тууралуу ЖКККББ билдирди.
Маалыматка караганда, 42 автоунаа айып короого киргизилген.
1 / 4

Бишкек — Нарын — Торугарт жолуна коюлган "Автоураган" стационардык программалык-аппараттык комплекси алты саатта эреже бузган 42 машинаны аныктады

2 / 4

Бул тууралуу ЖКККББ билдирди

3 / 4

Маалыматка караганда, 42 автоунаа айып короого киргизилген

4 / 4

Кошумчалай кетсек, ушундай эле аппарат 25-июндан тарта Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, 2-июлдан баштап Чолпон-Атада ишке киргизилген

Аппарат төмөнкүдөй бузулган эрежелерди аныктайт:
издөөдө жүргөн унааларды;
айыптарды өз убагында төлөбөй жүргөндөрдү;
каттоосу токтотулган унааларды;
ылдамдыкты жогорулатуу жана башка эреже бузуу.
Кошумчалай кетсек, ушундай эле аппарат 25-июндан тарта Чүй облусунун Жайыл районундагы "Сосновка" постунда, 2-июлдан баштап Чолпон-Атада ишке киргизилген.
Чолпон-Атада жол эрежесин бузгандарды аныктоочу жаңы аппарат иштей баштады