Радио

Мектептерде аскерге чейинки даярдык предмети боюнча мугалимдер жетишпейт

Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын ректору, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Саитдин Азизбаев улуттук спорттун түрлөрү боюнча адистикке ээ болууну каалагандар көбөйгөнүн айтты.
Sputnik
Дене тарбия жана спорт академиясы илимий изилдөөлөргө көңүл бурат. Учурда окуу жайда төрт илимдин доктору, 26 илимдин кандидаты иштеп, студенттерге билим берип жатышат. Бул тууралуу Саитдин Азизбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мектептерде аскерге чейинки даярдык предмети боюнча мугалимдер жетишпейт.
"Дене тарбия жана спорт академиясы илимий изилдөөлөргө көңүл бурат. Учурда окуу жайда төрт илимдин доктору, 26 илим кандидаты иштеп, студенттерге билим берип жатышат. Студенттер жана окутуучулар эл аралык илимий жыйындарга активдүү катышып, квалификациясын жогорулатуу программаларынан өтүшөт. Академияда сабактарды практик мугалимдер берип, жылыш жакшы. Мисалы, бизде мектептерде аскерге чейинки даярдык предмети боюнча мугалимдер жетишпейт. Мамлекеттик буйрутманын негизинде бул маселеге басым жасап, мугалимдердин жетишпестигин чечип жатабыз. Мындан тышкары, бизде спорттун улуттук түрлөрү боюнча да билим алса болот. Белгилүү каскадёр Эдил Молдалиев ат спорту, каскадерлук боюнча мыкты адистерди таптап келет", — деди Азизбаев.
Ошондой эле адис окуу жайга Дене тарбия жана спорт академиясында көп жыл ректор болуп кызмат кылган, медицина илимдеринин доктору, спорттук медицина боюнча адис Бейшен Турусбековдун ысымы берилгенин кошумчалады.