Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Украина аскерлери чиркөөгө сыйынууга келгендерди сүрүп чыгарууда. Видео

Видеодон нааразы болуп, каршылык көрсөтүп жаткан элди, күч колдонуп жаткан аскерлерди көрүүгө болот.
Sputnik
Украин бийлиги Украина православдык чиркөөсүнүн (УПЧ) Киев-Печерск лаврасына келгендерди аймактан аскерлердин жардамы менен күч колдонуп сүрүп чыгарып жатышат. Бул тууралуу УПЧнын кызыкчылыгын коргогон адвокат Никита Чекман билдирген.
"Монастырдын корпусун басып алганы туурасында айтып жатышат", — деп билдирген ал.
Укук коргоочу кечирээк "Киев-Печерск лаврасы" коругунун өкүлдөрү полициянын жардамы менен кулпуларды талкалап, 70-корпуска киргенин билдирди.
2022-жылы Украина бийлиги Украинанын православдык чиркөөсүн Россия менен байланышта деп кине коюп, аталган өлкөнүн ар кыл аймактарындагы ишмердүүлүгүнө тыюу салган. Алардын парламентине УПЧтин республикада иштешине чектөө койгон мыйзам долбоорун жөнөтүшкөн. Украинанын православдык чиркөөсүнүн бир катар өкүлдөрүнө мамлекеттик санкциялар киргизилген. Маданият министрлиги алар менен түзүлгөн келишимди бир тараптуу бузуп, кечилдерди 4-июлга чейин имараттан чыгып кетүүсүн талап кылган.
Тема боюнча:
Украин бийлиги Киев-Печерск лаврасын басып алганы айтылууда. Видео