Радио

Өт оорулары эмнеден улам пайда болот? Гастроэнтерологдун жообу

Гастроэнтеролог, медицина илимдеринин кандидаты, доцент Нургүл Токтогулова өт оорулары менен көбүнчө 40 жаштан ашкан адамдар ооруй турганын айтты.
Sputnik
Туура эмес тамактануу өттүн жабыркашына алып келерин Нургүл Токтогулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, өт ооруларын пайда кылуучу негизги үч себеп бар.
"Негизи эле өт, ичеги-карын жана ашказан ооруларынын көбү туура эмес тамактануудан улам пайда болот. Адам кичинекей кезинен баштап эле туура тамактанганды билгени маанилүү. Өттүн жабыркашына алып келген эң биринчи себеп — бул туура тамактанууну билбегендик. Экинчи себеби ичеги-карында паразиттердин пайда болушу. Мындай учур балдарда көп кездешет. Мындан тышкары, дарт тукум куушу мүмкүн. Өт ооруларын пайда кылган эң негизги үч фактор мына ушулар. Ошондуктан туура тамактанууга өзгөчө көңүл буруу шарт", — деди Токтогулова.
Ал ашказан оорулары тамактын сапатынан жана көлөмүнөн көз каранды экенин кошумчалады.