Жарандарга жеңилдик түзүү максатында турак жайды камсыздандыруу кадамдарына жеңилдиктер киргизилген. Азыркы учурда үч түрдүү документтин бири гана талап кылынат. Бул тууралуу Нурсултан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган жеңилдиктер кыймылсыз мүлктү камсыздоо жараянын жайылтуу максатын көздөйт.
"Өлкөдө турак жайды камсыздандыруу аймактарда шаарга караганда активдүүрөөк жүргүзүлүп келет. Көбүнесе шаар тургундары кайдыгер мамиле жасап жатышат. Андыктан бул иш-аракетти жайылтуу максатында талап кылынуучу документтерге жеңилидиктер киргизилген. Азыр эгер үйдүн техникалык паспорту жок болсо инвентардык делосун сурайбыз, болбосо айыл өкмөттөн менчик ээси деген справка алып келсе да болот. Бирок мындай учурда, үй табият кырсыгына кабылып калса биз техникалык паспорту жок камсыздай албай калабыз. Справка менен камсыздандырып койгон соң техникалык паспортун шашпай жасатып алышса болот", — деди Чекиров.
Ал мүлктү камсыздандыруу эрежеси боюнча келишимде мүнөтүнө чейин көрсөтүлөрү, аны узартууда жок дегенде бир күн эрте келип кайрылуу зарылдыгын кошумчалады.