СССРде биринчи электричка кайда жүрүп баштаган. Архивдик видео

Бүгүн советтик электричкага 97 жыл болду. СССРдин бардыгы "борбордо" гана болгон деген имиштерди жокко чыгарабыз.
Sputnik
Окурмандарга сунуштап жаткан видеодо Азербайжан ССРиндеги темир жолдун аталган тармагы туурасында кеп кылабыз.
СССРде биринчи электричка 1926-жылдын 6-июлунда жүрүп баштаган. Азербайжанда нефть менен газды көлөмдүү өндүрүү транспорт жолдорун кеңейтүүнү талап кылган. Андан улам бул тармакка жол куруучулар батыл киришкен.
Электричкалар Баку менен мунай чыккан Сабунчинин ортосунда 19 чакырымга каттап турду.
...Жолдор электрлештирилгенден кийин поезддер эки эсе ылдам жүрүп, саатына 28,5 чакырымды түзө баштаган. Бүгүнкү күнү электричка темир жол транспортунун эң демократиялуу түрү.