Павлович акыркы беттешинде америкалык Кертис Блейдсти жеңген. Россиядан чыккан мушкердин UFС уюмундагы ийгиликтүү алты беттеши бир видеого чогултулду, анда ал бардык каршылаштарын биринчи раундда эле нокаут же техникалык нокаут менен уткан.
Спорт эксперттери аралаш мушташтын мыктысы делген Жон Жонс менен Сергей Павловичтин мушташын уюштуруу керектигин айтууда. Жонс азырынча мындай беттешке макулдук бере элек. Ал беделдүү атаандаш менен беттешип, анан карьерасын жыйынтыктагысы келгенин билдирген. Бирок анын чемпиондук титулу оор салмак категориясы боюнча рейтингде биринчи орунда турган адам менен кез келүүгө милдеттендирет.
Тема боюнча: