Бишкекте Ж. Баласагын атындагы КУУнун мугалими кармалды

Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык колледжинин мугалими кармалды
Аял пара алып жаткан жеринен колго түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык колледжинин мугалими кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, шектүү биринчи курстун студенттерин окуудан чыгартам деп коркутуп акча талап кылган.
"Мугалим жайкы сессияга киргизүү жана жакшы баа коюу үчүн студенттен 25 миң сом сураган", — деп айтылат маалыматта.
Ал ушул сумманы алып жатканда кармалган.
Токмок суу канал муниципалдык ишканасынын директорунун орун басары А.А.А. коррупцияга шектелип камакка алынды
"Токмок суу канал" ишканасынын жетекчи орун басары кармалды