Радио

Кубакаева: креативдүү экономиканы көмүскөдөн чыгарууга шарт түзүлүүдө

Креативдүү индустриялар ассоциациясынын жетекчиси Назгүл Кубакаева жаратмандарга шарт түзүү менен аларды көмүскөдөн чыгаруу максатталганын белгиледи.
Sputnik
Жаратмандар арасында салык төлөө маданиятын калыптандырып, бул көндүмдөрдү өздөштүрүүсүнө шарт түзүү максатталууда. Бул тууралуу Назгүл Кубакаева Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, креативдүү индустриялар паркы түзүлүп, мүчөлөрүнө салыктык жеңилдиктер каралган.
"Креативдүү экономика жаатындагы мыйзамдардын багыты — салык төлөө маданиятын калыптандыруу. Анткени жаратмандар көбүнчө көмүскө экономиканын катышуучусу катары иш алып барууга мажбур болуп келишкен. Азыр бул тармакка салыктык жеңилдиктердин берилген себеби салык төлөө, банктык эсеп ачуу сыяктуу көндүмдөрдү өздөштүрүп алса келечекте компаниясын кеңейтүүгө, жетишкен мамлекеттер менен иштешүүгө мүмкүндүк түзүлөт. Мурдагыдай эрежелер кала берсе экспортко продукция чыгаруу кыйын болуп, натыйжада жаратмандар шарты бар өлкөлөргө чыгып кетүүгө аргасыз болушу ыктымал. Ошондуктан жаратмандардын башын бириктирип, мамлекеттин өнүгүүсүнө салым кошууга мүмкүндүк, шарт түзүп берүү аракеттери көрүлүүдө", — деди Кубакаева.
Ошондой эле ал жаратмандардын сыртка чыгып кетүүсүн алдын алуу үчүн аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.