Дүйнө жүзүндөгү айыл чарба лабораторияларында In-vitro, өсүмдүктөрдү көбөйтүү ыкмасы кеӊири пайдаланылып келет. Ал эми Кыргызстанда In-vitro ыкмасы Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде колдонулуп, чакан лаборатория иштейт. Бул тууралуу Уран Чекирбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, лаборатория ишке кирсе жылына 100 миңден ашуун көчөт өндүрүү пландалууда.
"Биздин өлкөгө көчөттөр Польша, Сербия өӊдүү чет мамлекеттерден кымбат баада алып келинип, аны менен кошо түрдүү оору, зыянкечтер ташылып келип турган. Аны өстүргөн дыйкандардын башка бактары да ооруп, чоӊ чыгымга учурап калып жатышат. Ошондуктан өз өлкөбүздө көчөттөрдү өстүрүү зарылчылыгы келип чыкты. Июндун аягы министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев экологиялык жактан таза өсүмдүктөрдү өстүрүү менен алектенген In-vitro лабораториясын куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга байланышкан маселелер боюнча кеңешме өткөргөн. In-vitro лабораториясынын негизги милдети ар кандай өсүмдүктөрдүн вирус жана башка оорусу жок көчөттөрүн өстүрүү болуп саналат. Ошондой эле клондоштуруу жолу менен өсүмдүктөрдүн эски сортторун калыбына келтирүүгө жана алардын санын көбөйтүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул лаборатория ишке кирсе жылына 100 миңден ашуун көчөт өндүрүү пландалууда. Өлкөнүн премьер-министри Акылбек Жапаровдун, айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун Өзбекстан менен мамилеси жакшы. Коӊшу мамлекетте алдыӊкы айыл чарба ыкмалары колдонулуп, бул тармагы бир топ алдыга кеткен. Кыргызстан каражат бөлсө Өзбекстандын адистери In-vitro лабораториясын курууга, аны толук кандуу ишке киргизип, адистерди даярдыктан өткөрүүгө жардам берет", — деди Чекирбаев.
Ал In-vitro ыкмасында өстүрүлгөн өсүмдүктөрдүн түшүмү сапаттуу, бирдей көлөмдө болорун кошумчалады.