УКМК "Бүтүн Кыргызстандын" мүчөлөрүн кармап, экөөнү камады

Колго түшкөндөр өлкөдө бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдык көргөн деп шектелип жатышат.
Sputnik
БИШКЕК, 6-июл. — Sputnik. "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү кармалып, экөө камакка алынса, калгандары боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Маалыматка караганда, алар өлкөдө массалык нааразылык акцияларын өткөрүү менен ири толкундоолорду жаратып, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдык жүргүзгөнү аныкталган.
Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Массалык башаламандыкка чакыруу") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда УКМК тарабынан "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн. Натыйжада партиялык материалдардан тышкары анын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынган.
1 / 5

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү кармалып, экөө камакка алынса, калгандары боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат

2 / 5

Маалыматка караганда, алар өлкөдө массалык нааразылык акцияларын өткөрүү менен ири толкундоолорду жаратып, андан кийин бийликти күч менен басып алуу үчүн жашыруун даярдык жүргүзгөнү аныкталган

3 / 5

Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 3-бөлүгүнүн ("Массалык башаламандыкка чакыруу") негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында 6-июлда УКМК тарабынан "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын Чүй облусунун Сокулук, Москва райондорунда жана Бишкек шаарында 10 активдүү мүчөсүнүн жашаган жеринде тинтүү иштери жүргүзүлгөн

4 / 5

Натыйжада партиялык материалдардан тышкары анын мүчөлөрүнүн каржы булактарын көрсөткөн банктык карталары жана реквизиттери алынган

5 / 5

Маалыматта Адахан Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М. аракеттери "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турганы белгиленди

"Мындан тышкары, тинтүүнүн натыйжасында алардын кылмыштуу ниетин тастыктаган башка буюм далилдери да алынды", — деп айтылат маалыматта.
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын З.У.А. жана Т.И.М. аттуу активдүү жактоочулары УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Калган кармалгандарга карата тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", — деп айтылат кабарда.
Маалыматта Адахан Мадумаровдун тарапташтарынын, анын ичинде З.У.А. жана Т.И.М. аракеттери "Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын борбордук штабы тарабынан координацияланып турганы белгиленди.
Жогорку Кеңеш Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берди