Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

ДЭР башчысы: Украина контрчабуулдун үчүнчү толкунун баштады

Кеңешчинин айтымында, Украина куралдуу күчтөрүнүн аракеттери ийгиликсиз, "жадагалса биринчи катардагы коргонуу линиясын да жарып өтө албайт".
Sputnik
БИШКЕК, 5-июл. — Sputnik. Украинанын Куралдуу күчтөрү НАТО саммитинин алдында үчүнчү ирет контрчабуул жасоого өттү. Бул туурасында Донецк Эл Республикасынын башчысы Денис Пушилиндин кеңешчиси Игорь Кимаковский билдиргенин РИА Новости жазды.
Аталган альянстын саммити 11-12-июль күндөрү Литванын Вильнюс шаарында өтөт.
"Кечээ контрчабуулдун үчүнчү толкуну башталганы байкалды, Запорожье багытын негизги бута катары карашууда. Азыр баары Днепрден Запорожье облусу жана ДЭРге чейин курчуп жатат", — деди Кимаковский "Соловьев Live" эфиринде.
Анын айтымында, Украина куралдуу күчтөрүнүн аракеттери ийгиликсиз, "жадагалса биринчи катардагы коргонуу линиясын да жарып өтө албайт".
Ошондой эле ал Луганск багытында алаксытуучу соккулар болуп, ал эми Авдеевка жакта украин аскерлери абалын жакшыртуу үчүн салгылашып жатканын белгиледи.
Украинанын Запорожье фронтунун Түштүк Донецк, Орехово, Васильев жана Артемовск багытындагы чабуулу 4-июнда башталган. Анткен менен негизги сокку Запорожье фронтуна урулган болчу. РФ президенти Владимир Путин Украина контрчабуулга өткөнүн, бирок бир да жерде ийгиликке жетпегенин билдирген.
3-июлда Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу контрчабуул баштагандан бери Украина 18 самолет менен вертолет, 920 ок өтпөс техника, анын ичинде Польша менен Португалия берген 16 Leopard танкынын баары жок кылынганын билдирген.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленскийдин кеңсеси контрчабуул оор өтүп жатканын моюндады